Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Хамянг округунун алмашуу жана кызматташуу боюнча департаментинин өкүлдөрү менен жолугушту

1986

2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Хамянг округунун алмашуу жана кызматташуу боюнча департаментинин өкүлдөрү менен айыл чарба жана мал чарба бөлүмүнүн башчысы Джонг Сун У башында турган жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Хамянг округу менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын ортосундагы достук алмашуу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында КР жарандарын 5 айга чейинки сезондук айыл чарба иштерине жалдоо программасын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 70 КР жаранын сезондук иштерге тартуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Жарандар пияз, кулпунай, алма жана козу карын өстүрүү боюнча ишке тартылышат. Ошону менен бирге кореялык тараптын негизги шарты болуп контракт аяктагандан кийин жарандардын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө КР жергиликтүү органынын кепилдиги эсептелет. Бул программа ийгиликтүү ишке ашырылган учурда Хамянг округунун администрациясы жыл сайын КР жарандарын сезондук иштерге тартат.

Элчи А.Исмаилова кореялык тарапка КР жарандарын убактылуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча корей тажрыйбасын изилдөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле КР жарандар үчүн жакшы жашоо жана иштөө шарттарын түзүү, алардын эмгек укуктарын сактоо боюнча чараларды талкуулашты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Корея Республикасынын башка провинциялары жана райондору менен Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK