Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова «Brain Park» компаниясынын жетекчилиги менен Сеул шаарында Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмө уюштуруу боюнча жолугушуу өткөрдү

1697

2022-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова түштүк кореялык «Brain Park» консалтинг компаниясынын аткаруучу директору Пак Донг Ван мырза менен жолугушуу өткөрдү, жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын туризм тармагындагы маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын маданияттын жайылтуу жана туризмди өнүктүрүү максатында 2022-жылдын 19-августунан 25-августуна чейин Сеул шаарында «Brain Park» менен биргеликте сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү боюнча макулдашуу кабыл болду.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги бардык каалоочуларды 2022-жылдын 19-августунан 25-августуна чейин саат 10.00 - 18.00гө чейин World Cup buk-ro 6-gil, Mapo-gu, Seoul, Republic of Korea дареги боюнча атталган иш-чарага келүүңүздөрдү чакырат (кирүү акысыз).

Маалымат катары: Түштүк Кореянын «Brain Park» консалтинг компаниясы менен биргеликте KOICA (Корея эл аралык кызматташтык агенттиги) Жибек Жолунда маданиятты жана туризмди өнүктүрүү боюнча KF (Кыргызстандын достору) долбоорун илгерилетүүдө. Бул долбоор кызматташууга, Кыргызстандын маданий жана туристтик ресурстарын айыл жергесинде табууга жана жайылтууга багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK