2019 - жылдын 14 - майында Сеул шаарында Элчи Динара Кемелованын тʏндʏк экономика кызматташтыгы боюнча президенттик комитетинин катчылыгынын орун басары Чанг Санг Чо мырза менен жолугушуусу болуп ɵттʏ.

8054

2019 - жылдын 14 - майында Сеул шаарында Элчи Динара Кемелованын тʏндʏк экономика кызматташтыгы боюнча президенттик комитетинин катчылыгынын орун басары Чанг Санг Чо мырза менен жолугушуусу болуп ɵттʏ. Жолугушуу учурунда Д.Кемелова Кыргыз Республикасындагы демократияны ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн Корея Республикасы сыяктуу ɵнɵктɵштʏн жардамы зарыл экенин белгиледи. Д.Кемелова Корея Республикасынын жаңы тʏндʏк саясаты аттуу демилгесине олуттуу баа берди жана ошондой эле соода-экономика тармагы боюнча кыргыз тараптын транспорт, экология, гидроэнергетика, санариптештирʏʏ, билим жана саламаттыкты сактоо багыттарындагы долбоорлорду бирге жылдырууга кызыктар экенин белгиледи.
Чанг Санг Чо мырза Кыргызстан мурунку совет мамлекеттеринин арасында демократия ɵнʏккɵн мамлекеттердин бири экенин айтты. Анын пикири боюнча Кыргыз Республикасы 1998 - жылы аймактагы кээ бир чоң мамлекеттерге караганда Бʏткʏл дʏйнɵлʏк соода уюмуна алгачкылардан мүчɵ болуп киргенин алдыга умтулуунун чоң белгиси катары баалады. 
Корея Республикасы Кыргыз Ɵкмɵтʏнʏн жана элинин демократияны ɵнʏктʏрʏʏ жана жарандык коомду бекемдɵɵгɵ болгон аракетин жогору бааларын белгиледи. Ошондой эле базар экономикасын ɵнʏктʏрʏʏдɵ Корея Республикасы Кыргызстан ʏчʏн жакшы ɵнɵктɵш болоорун айтты. «Эки мамлекеттин эли тарыхий жакындыгы достук мамиленин ɵркʏндɵшʏнɵ ɵз салымын кошот. Азыркы кезде инвестициялык карым катнаштын кɵлɵмʏ аз, бирок биздин кызматташтыктын келекчеги али алдыда» - деп кошумчалады Чанг Санг Чо мырза.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин аныктоо ʏчʏн биргелешип изилдɵɵ жʏргʏзʏʏнʏн жолдорун талкуулашты. Алдыда кʏтʏлʏп жаткан биргелешкен иш сапарлардын жыйынтыгы менен кызматташтыктын пайдубалын тʏзʏп, эки ɵлкɵнʏн алакасын жаңы деңгээлгэ чыгаруу мʏмкʏн экенине ишеним корсɵтʏштʏ. Ошондой эле, эки мамлекеттин борбор шаарларынын арасындагы тʏз аба каттамды ачуу, санариптик экономиканы ɵнʏктʏрʏʏ, инвестициялык кызматташтыкта инфраструктура, транспорт, энергетика, аймактарды ɵнʏктʏрʏʏ жана билим тармактарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK