Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаты С.Абдуллажанов баштаган БШКнын делегациясынын Сеул шаардык кеңешинин төрагасы Ким Хен Ки менен жолугушуусун уюштурду

1745

2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) делегациясынын Сеул шаардык кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштурду.

Расмий жолугушууга кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Исмаилова, БШКнын депутаттары С. Абдуллажанов, А.Ашырова жана корей тараптан Сеул шаардык кеңешинин төрагасы Ким Хен Ки, төраганын орун басары Ву Хён Чан, жана Сеул шаардык кеңешинин депутаты А.Аширалиева катышты.

Корей тарап конокторго Сеул шаардык кеңешинин тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача презентация сунуштады. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек менен Сеулдун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушууда кыргыз делегациясынын башчысы С.Абдуллажанов учурда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү үчүн бекем негиз бар экенин баса белгилеп, 2016-жылы БШК менен Сеул шаардык кеңешинин ортосунда кызматташуу жана алмашуу боюнча өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюлган айтып кети.

Өз кезегинде Сеул шаардык кеңешинин төрагасы Ким Хен Ки кыргыз делегациясынын Сеулга иш сапары эки өлкөнүн бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндөгү тажрыйбанын негизинде макулдашууну активдештирүү үчүн жакшы негиз болоорун белгиледи.

Элчи А.Исмаилова корей тарапка жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Сеул жана Бишкек шаарларынын ортосундагы жылуу жана достук кызматташтыктын мындан ары да улана берерине ишеним билдирди, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги эки борбордун мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыгы үчүн бардык зарыл чараларды көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Сеул шаардык кеңешинин Төрагасы Ким Хен Ки кыргыз тарапты эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигине белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK