КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Корея Республикасынын Жер, инфраструктура жана транспорт министри Вон Хи Рён менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

2084

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында 2022-жылдын 25-октябрында Сеул шаарында Корея Республикасынын Жер, инфраструктура жана транспорт министри Вон Хи Рён менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча жемиштүү диалог болду.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын юбилейлик датасын баса белгилеп, Кыргызстан менен Кореянын ортосунда «T'Way» корей авиакомпаниясынын түз авиакаттамдарынын ачылышын кубатташты. Ошону менен бирге, маектештер шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, жашыл экономика, транспорт, анын ичинде аэропортторду модернизациялоо, мейманкана комплекстерин жана туристтик объектилерди куруу боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев өлкөнүн жаратылыш ресурстарын, туристтик жана транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында корей тараптын көптөгөн багыттар боюнча тажрыйбасын изилдеп, өздөштүрүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди.

Ал Корея Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн Башкы планын иштеп чыгуу, дүйнөлүк геодезиялык системаны трансформациялоо долбоорлорун жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик жер маалыматын башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча чечимин кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK