Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Корея Республикасына расмий иш-сапарынын алкагында Кореянын Тышкы иштер министри Пак Чин менен жолугушуусу болуп өттү

1309

2022-жылдын 23-октябрында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Корея Республикасына расмий иш-сапарынын алкагында Кореянын Тышкы иштер министри Пак Чин менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын жана Борбордук Азия – Корея Республикасы кызматташтык форумунун 15 жылдыгын белгилөө алкагында өттү.

Ж.Кулубаев үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Түштүк Корея эки элдин салттуу достугуна, руханий жана маданий жакындыгына, өз ара жардам көрсөтүү принциптерине жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын канааттануу менен белгиледи. Кыргызстан өлкөлөр ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү жогору баалайт жана урматтайт. Бул мезгилдин ичинде тараптар көптөгөн тармактарда чоң ийгиликтерге жана белгилүү натыйжаларга жетишти.

Саясий диалогду улантуу максатында тараптар өлкөлөр ортосунда бийик жана жогорку деңгээлдеги иш-сапарларды уюштуруу зарылдыгын билдиришти. Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, саламаттыкты сактоо жана медицина, билим берүү, экология, туризм, санариптештирүү, инвестицияларды тартуу тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана жигерлентүү маселелерин талкуулашты.

Ж.Кулубаев Кыргызстан менен Түштүк Кореянын соода-экономикалык кызматташтыгынын дарамети чоң келечекке ээ экенин жана Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн жогорулатууга, тактап айтканда экологиялык таза продукцияны экспорттоого кызыкдар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Өнүгүүгө расмий жардам программасынын алкагында ар кандай артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүүнү сунуштады.

Ошондой эле Министр Ж.Кулубаев жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте инвестициялык кызматташууну жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу маанилүү экендигин белгилеп, Кыргызстандагы бизнес чөйрөнү өнүктүрүүдө кыргыз тарап Түштүк Кореянын колдоосуна үмүт арта турганын белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл экенин белгиледи. Кыргызстан “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумуна өзгөчө маани берип, анын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени айтылды. Иш-сапардын алкагында 25-октябрда Ж.Кулубаев Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумунун мааракелик 15-жолугушуусуна катышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK