КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Корея Республикасынын Премьер-министри Хан Док Су менен жолугушту

2062

2022-жылдын 24-октябрында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Корея Республикасынын Премьер-министри Хан Док Су менен жолугушту.

Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.Жапаров мырзанын атынан жылуу сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтып, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын жана «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтыктын форумунун 15 жылдыгын майрамдоонун алкагында жолугушууну өткөрүүнүн символдуулугун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Корея Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү мамлекет башчыбыз тарабынан тышкы экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганын баса белгиледи.

Кореянын Премьер-министри бул сапар 16 жылдык тыныгуудан кийин болуп жатканын белгилеп, тараптардын өз ара кызыкчылыгын эске алуу менен эки тараптуу мамилелерге керектүү импульс берет деген ишенимин билдирди.

Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021-жылы Кыргызстанды өнүктүрүүгө расмий жардам алуу үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү эске алуу менен, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы гранттык жана техникалык долбоорлорду ишке ашыруу жана жылдыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда өзгөчө көңүл Экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кызматташтыкты арттырууга, атап айтканда, «Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоорун илгерилетүүгө бурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандын санариптештирүү, гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда кореялык бизнестин кеңири катышуусуна кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде, Кореянын Премьер-министри үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында Сеул шаарында өткөн экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жана комиссиянын 5-отурумунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө корей тараптын даярдыгын белгиледи.

Бул контекстте ал түштүк кореялык «T'way» авиакомпаниясынын келерки жылы Сеул менен Бишкектин ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу ниети тууралуу маалымдады.

Эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу үчүн тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK