Кыргызстандын Элчиси «2022-жылы өнөр жай технологияларын жана энергетиканы өнүктүрүү боюнча» жыйынына катышты

1183

2022-жылдын 22-декабрында Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги жана Кореянын алдыңкы технологиялар институту (KIAT) тарабынан уюштурулган Сеул шаарында "2021-жылы өнөр жай технологиясы жана энергетиканы өнүктүрүү боюнча" Корея Республикасынын Соода министри Ан Дак Гён мырзанын жетекчилиги астында өнөр жай технологиясы жана энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү максатында чет мамлекеттердин Элчилеринин катышуусу менен жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова катышып, өз сөзүндө кореялык тарапты гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль өнөр жай, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө, Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана санариптештирүүнү сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK