Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси «SK Group» компаниясынын аткаруучу вице-президенти менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

1023

2023-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова «SK Group» Аткаруучу вице-президенти – офисинин жетекчиси Ким Ю Сук мырза менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, инвестициялык маселелер, ошондой эле эки өлкөнүн соода алакасын кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде Элчи Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, ошондой эле Кыргызстандын аймагында түзүлүп жаткан кореялык инвесторлор үчүн жагымдуу климат тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде «SK Group» вице-президенти Кыргыз Республикасына инвестиция салууга жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле жакынкы келечекте Кыргызстанга келүү ниети тууралуу маалымат берди.

 

Маалымат үчүн: SK Group, Түштүк Кореянын экинчи ири корпорациясы, ал негизинен энергетика, химия, телекоммуникация, жарым өткөргүч жана биофармацевтика бизнеси менен алектенет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK