Кыргыз Республикасынын элчилиги Түштүк Кореяда өткөн Борбордук Азиянын жаз фестивалына катышты

252

2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Элчиси Аида Исмаилова ушул жылдын 13-майынан 14-майына чейин Сеул шаарында өткөн “Борбордук Азиянын жаз фестивалынын” ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын чагылдырган элдик көркөм буюмдар, кыргыздын салттуу боз үйү көрсөтүлдү.

Фестивалдын жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова Корея Республикасы-Борбордук Азия кызматташтык форумунун Катчылыгынын аткаруучу директору Ли Чонг Гукту кыргыздын салттуу боорсокторун чогуу бышырууга чакырды. Тамакты даярдоо түрдүү элдердин маданиятын өз ара байытуунун алкагында каада-салттарды жана үрп-адаттарды алмашуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн символикалык акт болуп калды.

Жаз фестивалына келгендердин кызыгуусун туудурган маданий программа, анын ичинде Кыргызстандан да аткаруучулар коюлган. Фестивалдын алкагында “Ай-Пери” бий тобу, ырчы Сыргак Асанкунов, комузчу Роза Кылычева өнөрлөрүн тартуулашты.

Дизайнер Толгонай Керимкулованын кыргыздын салттуу элементтери заманбап мода менен айкалышкан жарашыктуу кийим моделдерин көрсөткөн "BAIRA" кыргыз брендинин мода көргөзмөсү чет элдик коомчулукта өзгөчө ийгиликтүү болду.

“Борбор Азиянын жаз фестивалына” Сеулдун көптөгөн тургундары, ошондой эле Борбордук Азия элдеринин диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK