Кыргызстандын Кореядагы Элчилигинин жардамы менен Ош шаарында жаштар борборун ачуу пландалууда

285

2023-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчилигинин көмөгү менен Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Favors" компаниясынын директору Се Чанг Сеом менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда облустун жаштар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн келечеги жана жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүүнүн маанилүүлүгү талкууланды. Жаштардын демилгелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жана бул жаатта тажрыйба алмашууга жалпы кызыкчылыкты билдирилип, 2023-жылдын аягына чейин Ош шаарында жаштардын демилгелерин өнүктүрүү, ишкердүүлүк жана маданий алмашуу аянтчасы боло турган Жаштар борбору жаштар борборун ачуу боюнча келишим түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK