2019-жылдын 8-июнунда Туштук Кореянын Чунчённам-до провинциясында ар улуттук фестиваль болуп өттү

4847

2019-жылдын 8-июнунда Туштук Кореянын Чунчённам-до провинциясында ар улуттук фестиваль болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышына Чунчённам-до провинциясынын губернатору Янг Сын Джо жана башка мамлекеттердин элчилери катышты.

Кырыз элчилигинин элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзун суйлөп, Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык дарамети жөнундө, кыргыз элинин меймандостугу жөнундө айтып, Кыргызстанга саякатка чакырды.

Ошол эле куну элчи Динара Кемелова менен Чунчённам-до провинциясынын губернатору Янг Сын Джо мырзанын эки тараптуу жолугушуусу болуп өтуп, суйлөшуунун алкагында элчи Кыргызстандын Ысык-Көл областы менен Чунчённам-до провинциясына өз ара кызматташуу Меморандум проектин тапшырып, ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык дарамети жөнундө маалымат берди. Элчи жогору технологиялык өндуруш тармагында, инвестиция жана кыргыз жарандарына Чунчённам-до провинциясынын завод, фабрикаларында жумуш ордун камсыз кылып беруу боюнча да кеңири кызматташууну сунуштап кетти.

Кыргыз тарабынын ушул сыяктуу иш-чараларга катышуусу Кыргызстанды Туштук-Батыш Азия мамлекеттерине көбурөөк танытып, Туштук Кореядан туристтердин көбөйуусунө өбөлгө тузөт, ошондой эле эки мамлекеттин региондор аралык мамилелерин өркундөтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK