Кыргыз Республикасынын элчилиги кыргыз диаспорасынын балдары үчүн Ысcык-Көлдөгү «Алтын Балалык» ден соолук жана реабилитациялык борбордо эс алуу мүмкүнчүлүгүн жарыялайт

128

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөлөрүндөгү Кыргыз диаспорасынын балдары үчүн жайкы эс алууну уюштуруу тууралуу кубаныч менен билдирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңешинин 2023-жылдын 20-июнунда өткөн жыйынынын протоколуна ылайык, сиздердин балдарыңызга Ыссык-Көл облусундагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборунда 10 күндүк эс алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз.

Бул эс алуу 2023-жылдын 15-августунан 25-августуна чейин пландаштырылган. Катышуу мүмкүнчүлүгү 9 жаштан 14 жашка чейинки балдарга берилет.

Белгилей кетсек, борбордо эс алуу (10 күнгө 12 миң сом) чыгымдарын балдардын ата-энелери тарабынан каралат. Бишкектен «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборунда транспортту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурат.

Эгер бул мүмкүнчүлүктү колдонгуңуз келсе, 2023-жылдын 31-июлуна чейин Элчиликтин Консулдук бөлүмү менен байланышыңыз.

Эскерте кетсек, жайкы эс алуу балдар үчүн гана болуп саналат. Бишкек шаарында жана ден соолукту чыңдоо борборунда болуу учурунда балдардын коопсуздугуна коштоп жүрүүчү адам жооптуу болот. Кайрылууңузду жөнөтүүдө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана паспортун жиберилиши зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK