Элчи А.Исмаилова Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва-Джин менен жолугушту

192

2023-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва-Джин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова Кыргыз Республикасы экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине артыкчылык маани бергендигин белгиледи. Корея Республикасынын “жашыл өнүгүү” тармагындагы алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен ал кыргыз тараптын чакан ГЭСтерди, күн станцияларын куруу, таштандыларды акылдуу башкаруу жана электромобилдерди ишке киргизүү жааттарында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси айлана чөйрөнү коргоо, экология жана климаттын өзгөрүшү жаатында кызматташууну бекемдөө максатында Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министринин Кыргызстанга сапарын уюштурууга кыргыз тараптын кызыкдар экенин билдирди.

Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Ва-Джин өз кезегинде экология тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүүгө корей тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасында акылдуу ирригациялык системаны түзүү жана табигый кырсыктар жөнүндө эскертүү системасын киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун аягында министр Хан Хва-Джин мындан аркы кызматташууну кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасына иш сапары менен барууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK