Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө

431

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиликтин тарабынан Корея Республикасынын компетенттүү органдарында Корея Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн кыргыз коомдук уюмдарынын укук белгилөөчү документтерин чогултуу боюнча иштер башталды.

Буга байланыштуу Элчилик Элдик Курултайга катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүүнүн төмөнкү алгоритмине көңүл бурууну өтүнөт:

  • Коомдук уюмдарга Элдик Курултайга катышууга делегат көрсөтүү укугун берүү максатында документтер 2023-жылдын 13-октябрына чейин кабыл алынат.
  • Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо укугу Элдик Курултайга делегаттарды түзүүдө катышуучулардын тизмесине кирген коомдук уюмда болот.
  • Коомдук уюм тизмеге бул уюмдун Корея Республикасында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде киргизилет (кыргыз же орус тилине которулган котормонун аныктыгы да нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, Корея Республикасынын Юстиция министрлигинин Апостили менен бекемделиши керек). Элдик Курултайдын делегаттары эмгек мигранттарынын ичинен коомдук уюмдар тарабынан бир уюм – бир мандат принциби боюнча шайланат.

Ошол эле учурда төмөнкүлөр Элдик Курултайдын делегаттары боло албайт:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адамдар;
  • соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;
  • мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, алардын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;
  • 21 жашка чейинки адамдар.

Буга байланыштуу, Элчилик Корея Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн жана Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды көрсөтүүнү каалаган кыргыз коомдук уюмдардан тиешелүү документтерди (уюмдун Корея Республикасында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү арыз) 2023-жылдын 13-октябрына чейин берүүнү өтүнөт (дареги: Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17) Сеул, Корея, эл.почта: kyrgyzconsulkorea@gmail.com).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK