Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

159

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин иштеп чыгуусу менен 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев Корея Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжин менен жолугушту. Бул жолугушуу Корея Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжиндин Кыргыз Республикасына сапарынын алкагында болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын башкаруу ж. б. маселелери козголду.

Кореялык тарап кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча тажрыйба жана технологиялар менен алмашууга даяр экендигин билдирип, Кыргыз Республикасында акылдуу сугат тутумун орнотуу жана табигый кырсыктардан кабардар кылуу тутумун киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK