2023-жылдын 30-октябрындагы, КРнын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А. Исмаилованын SK group корпорациясынын жогорку кеңешинин мүчөсү, социалдык комитеттин президенти, Кореянын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Хен Хи Ли менен жолугушуусу өттү

332

2023-жылдын 30-октябрындагы, КРнын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А. Исмаилованын SK group корпорациясынын жогорку кеңешинин мүчөсү, социалдык комитеттин президенти, Кореянын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Хен Хи Ли менен жолугушуусу өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Кореядагы Элчиси Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөдө көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен суу-энергетикалык маселелер боюнча жемиштүү кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле атайын өнөр жай аймактарында өнөр жай товарларынын биргелешкен өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Элчи А.Исмаилова мүмкүн болгон инвестициялык долбоорлорду практикалык жактан илгерилетүү жана дыкаттык менен изилдөө максатында Корея Соода-өнөр жай палатасынын, SK group корпорациясынын жана башка кореялык ири компаниялардын жетекчилигинин Кыргыз Республикасына сапарларын тез арада уюштурууга кыргыз тараптын кызыкдарлыгын белгиледи.

Хен Хи Ли кыргыз тарап менен экология, климаттын өзгөрүшү, энергетика, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу тармактарында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү дараметин жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

 

Маалымат үчүн: Кореянын Соода-өнөр жай палатасы Корея Республикасынын экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү 180 000 орто жана ири кореялык компанияларды бириктирген коммерциялык эмес уюм.  Кореянын Соода-өнөр жай палатасынын азыркы президенти Чае Тэ Вон болуп саналат, ал ошондой эле Кореядагы экинчи ири конгломерат болгон, негизинен энергетика, химия, телекоммуникация, биофармацевтика жана башка тармактарда адистешкен SK Group компаниясынын төрагасы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK