Элчи А. Исмаилова Суншил университетинде лекция окуп, окуу жайдын ректору менен жолугушту

104

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Суншил университетинин студенттерине жана профессордук курамына "Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелесинин өнүгүүсү" темасында лекция окуду.

А.Исмаилова лекциянын жүрүшүндө студенттерге Кыргызстандын туристтик потенциалы, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда активдүү өнүгүп келе жаткан саясий жана соода-экономикалык байланыштар, маданий алмашуулар жана ар кандай биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, бул лекциянын алкагында А.Исмаилова университеттин ректору Бомсик Жанг менен жолугушту. Ректор университет маалыматтык технологиялар тармагында кадрларды даярдоого адистешкенин жана Кореядагы 126 жыл мурда негизделген "биринчи" университет макамына ээ экенин белгиледи. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу боюнча алдыңкы кореялык LG компаниясы менен кызматташуу тууралуу маалымат берди. Муну менен катар университет менен Кыргыз билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташуунун потенциалдуу багыттары талкууланды.

Элчи Суншил университети менен мындан ары кызматташууга кызыкдар экендигин жана кыргызстандык ЖОЖдор менен студенттер алмашуу боюнча программаларды уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул контекстте Кыргызстандын окуу жайлары менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу маселеси талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK