Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилованын KOICA программасынын стипендианттары, мамлекеттик кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү

218

2023-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Элчи Аида Исмаилованын Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) программасынын стипендианттары болгон Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу жаатындагы кызматташтыктын жыйынтыктарын жана перспективаларын талкуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, KOICA программасынын алкагында Кореянын ар кайсы университеттеринде билим алып жаткан студенттер тандалып алынган программаларга жана илимий иштерге басым жасап, окуу процесси тууралуу кеңири баяндама жасашты.

Элчи А.Исмаилова алынган тажрыйбаны Кыргызстандын өнүгүүсү жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо пайдасына колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле мамлекеттик органдарга расмий өнүктүрүү программасынын (ОПР) долбоорлору боюнча долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоодого көмөк көрсөтүү максатында KOICA программасынын студенттеринен жана бүтүрүүчүлөрүнөн турган эксперттик топ түзүү жөнүндө сунуш киргизди. Бул сунуш өлкөнүн алдында турган актуалдуу маселелерди жана милдеттерди чечүү үчүн алынган билимди жана тажрыйбаны максималдуу пайдаланууга багытталган.

Жолугушуунун соңунда Элчи А.Исмаилова Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу улантылып, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана алардын ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө болооруна ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK