КРнын Кореядагы Элчилигинин көмөгү менен 5-декабрында Сеул шаарында КР Борбордук депозитарийи менен Корей Депозитарийинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

81

2023-жылдын 4-5-декабрында КР Борбордук депозитарийинин Президенти А.Юлдашеванын жана КР ЭКМ караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси М. Пирназаровдун Корея Республикасына иш сапары болуп өттү. 5-декабырда Сеул шаарында Элчиликтин көмөгү менен болгон иш сапардын жүрүшүндө КР Борбордук депозитарийи менен Корей депозитарийинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле Президент А.Юлдашева Корей депозитарийинин Президенти Сухо Ли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы баалуу кагаздар тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK