Элчи А.Исмаилова Корея Республикасынын губернаторлор Ассоциациясынын дипломатиялык башкармалыгынын башчысы Ха Тэ Ёк менен жолугушту

78

2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исмаилованын Корея Республикасынын губернаторлор Ассоциациясынын дипломатиялык башкармалыгынын башчысы Ха Тэ Ёк менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы аймактар аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты жана бул багыттагы иштерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Атап айтканда, Элчи А.Исмаилова региондор аралык кызматташтыкты активдештирүү жаатында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарында өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын сунуштады.

Ха Тэ Ёк, өз кезегинде, Корея Республикасынын губернаторлор Ассоциациясынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди жана региондор аралык кызматташтыкты активдештирүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле 2024-жылы эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы байланыштарды түзүү үчүн негизги аянтча боло турган Корея Республикасы жана Борбор Азия аймактарынын өз ара аракеттешүү форумун өткөрүү планын жарыялады.

Жолугушуунун соңунда тараптар аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү жана тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды макулдашышты. Эки тарап тең бул маанилүү кадам Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK