Элчи А. Исмаилова «KBS» ири телерадиокорпорациясынын башчысы Парк Мин менен жолугушту

50

2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исмаилованын «Korean Broadcasting System» (KBS) ири телерадиокорпорациясынын башчысы Парк Мин менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова медиа өлкөнүн тышкы имиджин калыптандырууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп, корея тарапка Кыргызстандын мамлекеттик телерадиокомпаниялары тууралуу маалымат берди. Бул контекстте Кыргызстан менен санариптик чөйрөдө, контентти өндүрүүдө жана трансляциялоодо заманбап технологияларды колдонууда кызматташууга чакырды. Мындан тышкары, Кыргызстандын кооз жаратылыш пейзаждарын корей драмалары жана ар түрдүү шоу-долбоорлор үчүн тартуу жерлери катары колдонуу сунушталды.

Өз кезегинде Парк Мин компаниянын башка өлкөлөр менен эл аралык кызматташуу жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле чет өлкөлү туризм тууралуу долбоордун алкагында Кыргызстан жана анын жаратылышы жөнүндө программа көрсөтүлгөндүгүн белгиледи. Ошону менен бирге маданий берүүлөр жана технологиялык алмашуу жаатында мындан аркы кызматташууну талкуулоого даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз медиасы менен KBS ортосунда байланыш түзүү медиа жана маданий алмашуу жаатындагы биргелешкен долбоорлор үчүн жаңы перспективаларды ачарын белгилешти.

Маалымат иретинде: KBS медиа платформалардын кеңири спектрин башкарат; төрт жер үстүндөгү телеканал, эки спутниктик телекөрсөтүү (KBS World, KBS KOREA), жети радио, төрт DMB канал жана ар кандай медиа-кызматтар. KBSтин штаб-квартирасы Йеуидодо, Сеулда жайгашкан жана өлкөнүн ири шаарларында 18 аймактык станцияны тейлейт. Дүйнө жүзү боюнча АКШ, Европа, Кытай жана Японияны камтыган 11 чет элдик бюросу бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK