Элчи А.Исмаилова «Sambu» компаниясынын президенти Ли Иль Джун менен жолугушту

78

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын башчысы компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, «Sambu» компаниясы Корея Республикасынын ичинде жана чет өлкөлөрдө ар кандай ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда бай тажрыйбага ээ экендигин белгиледи. Буга байланыштуу биргелешкен кыргыз-корей долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүндүгүн белгиледи.

Өз кезегинде А.Исмаилова Кыргызстандын инвестициялык даремети менен тааныштырды жана Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорду курууга «Sambu» компаниясын тартууга кызыкдарлыгын билдирди.

Маалымат үчүн: «Sambu» компаниясы 1948-жылы негизделген. Корея Республикасында жана чет өлкөлөрдө жарандык объектилерди, жолдордун инфраструктуралык объекттерин, жылуулук жана гидроэлектростанцияларды, соода объекттерин ж.б. курууга адистешкен.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK