Элчи А. Исмаилова Куми шаарына иш сапар менен барды

45

2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова 1991-жылдын 14-августунан бери Бишкек шаарынын боордош шаары болгон Куми шаарына иш сапары менен барды.

Маалымат иретинде: Куми - Корея Республикасынын Кенсан-Пукто провинциясындагы 405 миң калкы бар шаар Кореянын ири өнөр жай борбору болуп саналат, ал жерде кореялык ири компаниялардын фабрикалары жайгашкан LG, Samsung, SK, posco ж.б. Бул шаарда 2022-жылы болжол менен 39 млрд. АКШ долларына товарлар чыгарлган жана шаардын экспорту 29,9 млрд. АКШ долларды түзгөн.

Сапардын алкагында А.Исмаилова Куми шаарынын мэри Ким Чан Хо, Куми шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Даль Хо Ким, Кёнун университетинин ректору Ким Дон Чже жана Кумо улуттук техникалык институтунун ректору Хо Сан Вак менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларыдын жүрүшүндө А.Исмаилова Куми шаарынын Бишкек шаары менен боордоштук байланыштар жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында, тактап айтканда, соода-экономикалык, маданий, билим берүү жана медициналык тармактардагы кызматташтыгын активдештирүү зарылдыгы жөнүндө белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климаты тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда кореялык компаниялардын өндүрүүсүн ачууга чакырды. Муну менен катар кыргыз жана корей билим берүү мекемелеринин ортосунда студенттер менен алмашуу жаатында кызматташууну түзүүнү сунуштады.

Кореялык тарап жумушчу күчүн тартуу жана стипендиялык программалардын алкагында студенттерди жогорку окуу жайларына жөнөтүү жаатында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар региондор аралык бизнес-форум өткөрүү маселесин иликтөөнү макулдашышты, анын алкагында эки өлкөнүн бизнеси кызматташтыкты орното алат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK