Элчи А. Исмаилова "Асан" медициналык борборунун президенти Пак Сынг Ил менен жолугушту

62

2023-жылдын 29-декабрында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Аида Исмаилова "Асан" медициналык борборунун президенти Пак Сынг Ил менен жолугуп, тараптар саламаттык сактоо тармагында кызматташууну талкуулашты. Мындан тышкары А.Исмаилова Пак Сынг Ильге Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташууга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин атынан ыраазычылык катын тапшырды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын июль айында Элчиликтин жардамы менен "Асан" клиникасынын 86 дарыгери жана ыктыярчылары акысыз негизде Улуттук госпиталда кыргызстандыктар үчүн консультация, дарылоо жана операция жүргүзүшкөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле 2024-жылдын февраль айында Элчилик тарабынан иштелип жаткан медициналык борбордун 100 дарыгеринен турган команданын Кыргызстанга болгон сапарын талкуулашты, анда өлкө аймагында акысыз негизде диагностика жана дарылоо жүргүзүлөт. Муну менен катар Кыргызстандын медициналык мекемелери үчүн медициналык жабдууларды өткөрүп берүү да каралууда.

А.Исмаилова кыргыз тарапка медициналык борбордун көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш-чараларды Баткен облусунун алыскы райондорунда өткөрүүнү сунуштады.

Маалымат үчүн: "Асан" медициналык борбору — Кореянын алдыңкы клиникаларынын бири. "Асан" бир нече көп кабаттуу корпустарды ээлейт, анда 4 институт (онкология, кардиология, педиатрия жана илимий изилдөө), 27 адистештирилген борборлор жана 44 бөлүм бар. Ал күн сайын пациенттерди 11000 амбулатордук жана 2500 стационардык кабыл алат.

Бул борбор бейтаптардын жана дарыгерлердин баалоосунун негизинде 11 жолу катары The Most Admired Hospital деген наамга ээ болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK