А.Исмаилова Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин Президенти Чанг Вон Сам менен жолугушту

158

2024-жылдын 22-февралында, Элчи А.Исмаилованын Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Президенти Чанг Вон Сам менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова KOICA ишмердүүлүгүн жана Өкүлчүлүктүн Кыргызстандагы ишин жогору баалады. Кыргызстан ӨРЖ чөйрөсүндө кызматташуу үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн катарына кирерин баса белгилеп, буга байланыштуу эки тараптуу кызматташуу үчүн долбоорлордун пакетин көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

"Тоо беш жылдыгын" ишке ашыруу боюнча улуттук жол картасын бекитүү жана 2027-жылы Кыргызстанда биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады. Буга байланыштуу корей тарапты активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоого өз салымын кошууга чакырды.

Президент Чанг Вон Сам Кыргызстандагы KOICAнын ишмердүүлүгүнө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, KOICA кызматташтыктын төмөнкү артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантат: айлана-чөйрө, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу жана саламаттыкты сактоо.

Жолугушуунун аягында тараптар гранттык-техникалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө максатында KOICA Президентинин иш сапарын уюштурууну талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK