Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Исмаилова Пуан уездинин мэри Квон Ик Хён мырза менен Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына орношууну талкуулады

171

Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Исмаилованын иш сапарынын алкагында Пуан уездинин мэри Квон Ик Хён мырза менен жолугушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын жарандарын айыл чарба жумуштарына ишке орноштуруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

2024-жылдын 26-февралында Пуан уездинде өткөн жолугушууда, Элчи А.Исмаилова Кыргызстандын жарандарынын чоң эмгек потенциалын айтып, кыргызстандыктар Корея Республикасына ишке орношууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу, Элчи Кыргызстандын жарандарын, тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун тургундарын Пуан уездине сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөтүүгө багытталган иш менен камсыз кылуу келишимин түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, Пуан уездинин мэри Квон Ик Хён мырза жергиликтүү бийлик тарабынан толук колдоо жана кызматташууга даяр экендигин билдирди. Мэр эки өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда Меморандумга кол коюу ниетин тастыктады, андан кийин конкреттүү мөөнөттөр жана жумушчулардын саны талкууланганын билдирди.

Бул демилге Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле айыл чарба чөйрөсүндө эмгек миграциясы, өз ара түшүнүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Тиешелүү документтерге кол коюу эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жарандардын бакубат жашоосуна өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK