Корея Республикасы Борбор Азия менен мамлекеттик кызмат тармагында кызматташууну тереңдетүүгө кызыгуу билдирүүдө

189

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасынын Персоналды башкаруу министри Ким Сынг Хо мырза, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жетекчилери менен жолугушууга катышты.

Жолугушууда тараптар Борбор Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосундагы мамлекеттик кызматты жакшыртуу жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө Персоналды башкаруу министрлиги мамлекеттик кызматтын таланттарды өнүктүрүү Улуттук институтунун кадр системасы жана окуу программасы боюнча алдыңкы тажрыйбаларды тартуулады. Ошондой эле, катышуучу өлкөлөрдүн кадр агенттиктери арасындагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыктын абалы талкууланды.

Дискуссиялардын жүрүшүндө Персоналды башкаруу министрлиги Борбор Азия өлкөлөрү менен жогорку деңгээлде туруктуу жана пайдалуу кызматташтыкты улантуу ниетин белгиледи. Мындай өз ара аракеттенишүүнүн негизги максаты - мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн чыңдоого жардам берүүчү маселелерди талкуулоо, бул өз кезегинде аймактагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ким Сынг Хо мырза Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу өнүгүүгө багытталган өз ара пайдалуу жемиштерин алып келүүнү улантаарына ишенимин билдирди. Регион үчүн мындай кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ар бир өлкөнүн аныкталган муктаждыктарына жооп бере турган окуу программаларын кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK