Элчи Аида Исмаилова Кёнбук улуттук университетинин Чхильгок ооруканасынын жетекчилиги менен жолугуп, эмчек рагын аныктоодо жасалма интеллект колдонгон «Beamworks» компаниясына барды

134

Элчи Аида Исмаилова Кыргызстан менен саламаттык сактоо тармагында кызматташуунун келечегин талкуулоо максатында Кёнбук улуттук университетинин Чхильгок ооруканасынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы медициналык практика, окутуу жана тажрыйба алмашуу жаатында өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашышты. Тактап айтканда, телемедицина тармагында жана Кыргызстандын медицина кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташтык талкууланды.

Мындан тышкары, А.Исмаилова эмчек рагын аныктоодо жасалма интеллектти колдонгон «Beamworks» компаниясына барды. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Мамлекеттик онкологиялык медициналык мекемелерде өзүнүн технологиясын көрсөтүү үчүн Кыргызстанга «Beamworks» компаниясын чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK