Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

135

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түзгөнүн маалымдайт.

Негизги жетишкендиктердин бири болуп Эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеп жаткан жарандар, бош орундар, иш берүүчүлөр жана учурдагы кесиптик окуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалымат базасын ишке киргизүү болду.

Система бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат жана маалымат порталына интеграцияланган. ”Zanyatost.kg” https://zanyatost.kg/ порталы жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Министрлик тарабынан «Электрондук эмгек биржасы» мобилдик тиркемеси, ошондой эле «zanyatost.kg» порталынын мобилдик версиясы түзүлүп, жумушка орноштуруу боюнча кызматтарды онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK