Кыргыз Республикасы Корея Республикасынын кырдаалдык борборлорду пайдалануу тажрыйбасын изилдеп чыкты

300

Элчиликтин иштеп чыгуусу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Осмоновдун Корея Республикасына иш сапары болду.

Маалымат иретинде: Делегация Сеул шаарынын дата-коопсуздук борборуна (Seoul Data Center CCTV), Сеул транспорттук тейлөө жана маалымат кызматы борборуна (TOPIS) барышты, ошондой эле «PIOLINK» жана «NIA» (National Information Society Agency) компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Сапардын жүрүшүндө А.Осмонов Сеул шаарындагы коомдук коопсуздука жана транспорт системасынын натыйжалуулугун камсыздоого багытталган кырдаалдык борборлорду колдонуу боюнча Кореянын тажрыйбасы менен таанышты. Муну менен катар, дата борборлорун орнотуу, жасалма интеллектти колдонуу менен маалымат массивдерин иштетүү жана анлиздөө менен алектенген компанияларга баруу уюштурулган.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Түштүк Кореянын бул багыттагы тажрыйбасын үйрөнүүгө жана Кыргыз Республикасына заманбап технологияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK