Сеул шаарында Түштүк Кореяда окуган студенттердин II Курултайы болуп өттү.

5287

2019-ж 24-ноябрда Сеул шаарында Түштүк Кореянын ЖОЖдорунда окуган студенттердин II Курултайы болуп өттү. Курултай Сулайманов Болотбек жетектеген   Кыргыз Студенттер  Ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

   Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз студенттери, корей ЖОЖдоруна өтүү  мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик стипендия алуу жана келечекте жумуш орду менен камсыз болуу туралуу маалымат менен алмашышты.

   Өзүнүн куттуктоо сөзүндө, Түштүк Кореядагы КР элчиси Динара Кемелова студенттердин өз мекенине кайтып, Кореядан алган билимин мамлекеттин өсүп-өнүгүсүндө колдонуусу манилүү экенин баса белгилеп өттү. Ошондой эле, Корея мамлекетинде Кыргызстанды таанытуу иш-чараларында студенттерди элчилик менен жигердүү кызматтуушуга чакырды.

   Курултайга ардактуу конок катары Жогорку Кеңештин депутаты А.Б. Баатырбеков, Түштүк Кореядагы Кыргызстандык өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери катышышты.

   Студенттер Кыргызстандын элчиси Динара Кемеловага, ЖКтин депутаты А.Б.Баатырбековко суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү болупКыргыз Республикасынын жарандарынын Түштүк Кореяда билим алуусу, консулдук багыттар, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык, парламент жана мамлекеттик органдардын иш-аракеттери туралуу суроолорго жооп ала алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK