КРнын Түштүк Кореядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Д.Кемелованын Түштүк Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министринин орун басары Ён Бок Квон мырза менен жолугушту

8657

2019-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчиси Динара Кемелованын жана Корея Республикасынын Жер, инфраструктура жана транспорт министринин орун басары Ён Бок Квон мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Элчи Д. Кемелова буларды баса белгиледи: бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн Түштүк Кореяга түз авиа рейсти ачуу милдети актуалдуу жана маанилүү болуп турат, анткени эки өлкөнүн ортосунда туристтик жана ишкер чөйрөлөрдө өз ара кызыгуу өсүүдө, эки өлкөнүн жарандарынын, өзгөчө туристтердин өз ара сапарлары көбөйүүдө.

Ошондой эле Элчи Д. Кемелова Кыргыз Республикасы түштүк кореялык авиакомпанияларга абанын эркиндигинин бешинчи даражасы саясатын пайдаланууну сунуш кылып жатат деп баса белгиледи.

Министрдин орун басары Ён Бок Квон мырза Кыргызстандын зор туристтик потенциалы бар деп белгиледи, атап айтканда түштүк кореялык туристтерди тартып жаткан тоо туризмин баса белгиледи. Министрдин орун басары Кыргызстан менен түз рейсти ачуунун рентабелдүүлүгүн жана келечектерин эске алуу менен кыргыз тараптын жумуштарын түштүк кореялык авиакомпаниялар менен бирдикте иликтей тургандыгын билдирди.

Ошондой эле тараптар инфраструктуралык долбоорлорду алга илгерлетүү, атап айтканда регионалдык аэропортторду өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK