Урматтуу мекендештер! Корея Республткасынын Тышкы иштер министирлигинен келип түшкөн маалымат менен бөлүшөбүз.

6183

Корея Республикасынын Өкмөтү коронавирустук инфекциясынын жайылуусун токтотуу максатында, 2020-жылдын 5-апрелине чейин жана 5-апрель күнү Корея Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук бөлүмдөрдө берилген С-1 жана С-3 категориясындагы визаларын жокко чыгарды.

Бул С-1 жана С-3 визаларын 2020-жылдын 5-апрелине чейин алган бардык чет өлкөлүк жарандар Корея Республикасынын Элчиликтеринде жана консулдуктарында жаңы виза алуу үчүн кайрадан кайрылышы керек экендигин билдирет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK