Билим берүү боюнча Кыргызстандын жарандары үчүн маалымат
Билим берүү боюнча Кыргызстандын жарандары үчүн маалымат
Сеул Улуттук Университетинин эл аралык изилдөөлөр боюнча жогорку мектеби KOICA менен биргеликте 2020-жылдын 2-чи семестрине Gender and Development багытында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн мамлекеттик кызматкерлери үчүн магистрдик программага кабыл алуу жарыялангандыгы туралуу кат келгенин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги кабарлайт.
Магистрдик программа бакалавр даражасы бар жана англис тилин жакшы билген (мамлекеттик кызматта 2 жылдык тажрыйбасы бар жана 40 жашка чейинки) мамлекеттик кызматкерлерге багытталган. KOICA авиабилеттердин, жатакананын чыгымдарын жабууга жана ай сайын стипендия төлөп берүүгө даяр.
Документтерди KOICAнын Кыргызстандагы кенсеси жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги аркылуу тапшыруунун акыркы мөөнөтү - 2020-жылдын 8-чи майы.
Кошумча маалыматтар үчүн кийинки шилтемеге кайрылууну сунуштайбыз http://www.koica.go.kr/ciat/index.do