Кыргызстан жана Түштүк Корея кыргыз элинин материалдык жана материалдык эмес мурастарын санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

6094

2020 жылдын 7-чи майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын Корея Республикасынын маданият, спорт жана туризм Министрлигинин Азия маданий борборунун эл аралык кызматташтык жана изилдөө иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Ли Чхол Вун жетектеген делегациясы менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда тараптар ODA (Өнүктүрүү боюнча расмий жардам) тармагы аркылуу Кыргыз Республикасынын маданиятын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар Корея Республикасынын Азия маданий борборунун жардамы менен Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын сактоо зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө байланыштуу, Корея тарабынан кыргыз элинин материалдык жана материалдык эмес мурастарын санариптөө сунушталууда.

Долбоор Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын сактап калуу, ошондой эле кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтуу үчүн маанилүү болуп эсептелет.

Жолугушуу аягында, Азия маданий борбору Элчиликке корей, орус жана англис тилдеринде которулган кыргыз жомокторун тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK