“КЫРГЫЗСТАН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДА” Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги бардыгыңыздарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктайт жана төмөнкүлөрдү билдирүү сыймыкка ээ:

32188

Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Советтик Армиянын катарына Кыргызстандан барган 365 миң жоокердин көбү Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн.

Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган. Кыргызстандык жоокерлердин 73ү Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. 34 жоокер Даңк орденинин үч баскычын тең алышкан. Кыргызстандык жоокерлердин көпчүлүгү мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстандын эли коргоо фондусуна 189 млн сом чогултуп жөнөткөн, 57,3 млн мамлекеттик займынын облигацияларын сатып алышкан. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык –түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн.

Блокадада калган Ленинград шаарына degrees кыргыз эли 1942-1943-жж. 100 вагондон ашык азык-түлүк жөнөткөн. Республиканын колхоздору менен совхоздору коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пут эт өткөрүшкөн.

Кыргызстандын эмгекчилери фашисттик баскынчылардан бошотулган элдерге да көмөк көрсөткөн. Алар үчүн республиканын колхоздору менен совхоздору 130 миң баш бодо мал, кой жана эчкилери акысыз жөнөтүшкөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK