Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Элчиси «KT Corporation» глобалдык бизнес тобунун аткаруучу директору менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

5996

2020 жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова «KT Corporation» глобалдык бизнес тобунун аткаруучу директору Ёнг Сам Ким мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар коронавирус боюнча кырдаал жөнүндө пикир алмашышты жана жакынкы убакытта мамлекеттер бул коркунучту жеңип соода-экономикалык кызматташууну уланта алышат деп үмүттөнүштү.

Элчи жана «KT Corporation»  делегациясынын башчысы мамлекеттик жеке өнөктөштүк принцибинин негизинде электрэнергияны бөлүштүрүүнү автоматташтыруу жаатында долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Элчи Кореялык компанияга Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына активдүү инвестициялоону сунуштады.

Ошондой эле Элчи Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен, тиешелүү жабдууларды Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Аткаруучу директордун айтымында, учурда «KT Corporation»  Борбордук Азияда энергетика тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK