2020 жылдын 29 майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен «T’Way» авиакомпаниясынын чартердик рейси Кыргызстанга учуп келди. Аталган рейс Түштүк Кореянын «KCA Global» компаниясы тарабынан уюштурулду жана чартердик рейс аркылуу Кыргызстандын жарандары Түштүк Кореядан жана Филиппинден чыгарылып, гуманитардык жардам дагы Бишкеке жеткирилди.

10451

Корея Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 300 миң АКШ доллары түрүндө гуманитардык жардам жөнөттү. Аталган суммага “BIONeer Corp.” компаниясынан 24 миң комплект ПЦР диагностикалык тесттери жана коронавирусту текшерүү жана башка ооруларды изилдөө үчүн BR Exicycler 96 (Ver4) аттуу эки жабдык сатылып алынды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилик аркылуу ПЦР тесттери түрүндөгү гуманитардык жардам Түштүк Кореянын төмөнкү жарандары жана компанияларынын колдоосунун негизинде даярдалып жалпысынан 31000 АКШ долларынан ашык сумманы түздү:

«TTVenture» компаниясынын президенти Ким Хо Сонг мырза жана “DZ Bank” улуу кенешчиси Ким Вун Бай мырза, T'Waу авиакомпаниясы, Тэгу шаарындагы "Корея-Кыргыз Республикасы" ассоциациясынын Президенти Ча Сун До мырза, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы ардак консулу Ким Джон Гу мырза, «Ameks Travel» жана «VIVA Cargo» туристтик компанияларынын директору Ан Бён Чул мырза, «Keumcheong Phar.» фармацевтикалык компаниясынын Генералдык директору Синг Донг Ун мырза, Sindong Enercom компаниясынын директору Ким Жин Бон мырза, «GS Neotek» компаниясынын вице-президенти Хо Чоль Хонг мырза, «LG International» компаниясы жана ошондой эле «Aladdin Toc Co.» компаниясынын Президенти Ким Жэ Сеоп мырза.

Кыргыз тарап Корея Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле жогоруда аталган Түштүк Кореянын жарандарынын жана компанияларынын Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө берген жардамын жогору баалайт жана бул жардам Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы салттык достуктун бекем далили экендигине терен ишенет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK