Урматтуу мекендештер! Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясы бүткүл дүйнөгө, анын ичинде биздин Кыргызстанга да жайылды. Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал, тилекке каршы, өтө оор.

9862

Биздин Өкмөт өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Бирок, акыркы маалыматтар коронавирус ыкчам түрдө өнүгүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Бул оорудан каза болгон жарандардын саны өсүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда миңден ашык жарандарыбыз медициналык жардамга муктаж.  Ушуга байланыштуу медициналык персонал үчүн жеке коргонуу шаймандары, анализдерди изилдөө жана дарылоо үчүн жабдуулар жетишсиз болуп жатат.

Маалымат катары белгилесек, Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчилигинин кийлигишүү менен жана Корея Республикасынын Өкмөтүнүн жардамы менен, Түштүк Кореянын компаниялары жана жарандары – Кыргызстандын достору тарабынан вирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга гуманитардык жардам түрүндө ПЦР тесттер, жабдуулар, медициналык маскалар жөнөтүлгөндүгүн билдиребиз. Алар жөнүндө маалымат Элчиликтин сайтында жайгашылган.

Бирок бул жетиштүү эмес. Биз сиздердин бардыгыңыздарга өлкөбүздүн кыйын мезгилинде сыртта калбай коронавируска каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам берүүгө чакырабыз.

Сиздер тиркемеде Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөшүү үчүн керек болгон дары-дармектердин жана жабдуулардын тизмеси менен таанышсаныздар болот.

Тиркемеде көрсөтүлгөн жабдууларды же медициналык шаймандарды жөнөтүп же Элчиликтин эсебине каражаттарды которуу жолу менен жардам бересениздер болот.

Бардык суроолор боюнча Элчиликтин кызматкерлери К. Мураталиев (тел: +82-10-6527-2882, email: kubanychbekmurataliev@gmail.com)  же А. Канатбекова (тел:+82-2-379-0952, email: kanatbekova1122@gmail.com) менен байланышууну өтүнөбүз.

Каражат чогултуу үчүн банктык эсеп:

Woori bank  1002-961-479477 Kasymova Gulmira

Керектүү медициналык жабдыктар

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK