21-23-июнда Сеул шаарныда эл аралык "Import Goods Fair" көргөзмөсүнө кыргыз компаниялары катышты

8446

Түштүк Кореядагы Кыргыз Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте 2018-жылдын 21-23-июнунда Сеул шаарында эл аралык "Import Goods Fair" көргөзмөсүнө Кыргыз компанияларынын катышуусун камсыз кылышты.
Аталган көргөзмөнүн негизги уйуштуруучусу болуп Кореянын импорттоочулар ассоциациясы (KOIMA) Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министирлигинин, Кореянын тышкы соода жана инвестицияга көмөк көрсөтүү жаатындагы агенттигинин жана Корея эл аралык соода уюмунун колдоосу менен өткөрдү.
Иш-чаранын расмий ачылуу аземине Корея Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн отуздан ашуун башчылары, ошондой эле 100дөн ашуун чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышышты. КОИМАнын төрагасы Мьёнг Жин Шин мырза куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Кыргыз Республикасы тарабынан Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Кылычбек Султан, "AmanGreenFood","Variant" жана "Айсулуу" аттуу кыргыз компанияларынын өкүлдөрү катышышты. 
Биздин компаниялар жогоруда аталган көргөзмөдө алгачкы жолу Кыргыз Республикасында өндүрүлүп чыгарылган табигый улуттук азыктарды жана ичимдиктерди тартуулады. Булардын арасында бал, жаңгак, кургатылган жер-жемиштер, алча жана "Кыргызстан" коньягы толуктады. Корея компаниялары тарабынан Кыргыз азыктарына зор кызыгуусу жаралып, В2В форматтында жолугушуу учурунда бир нече Кореялык компаниялар Кыргыз экспорт базарын изилдөө үчүн биздин өлкөгө келе турган ниеттерин билдиришти. 
Тилекке каршы, аталган эл аралык "Import Goods Fair" көгөзмөсү түзгөн мүмкүнчүлүккө карабай Кыргыз туристтик компаниялары катышкан жок.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK