Cеул шаарында Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын дипломаттык мамилелеринин 26 жылдыгына карата маданий иш-чара өткөрүлдү.

8547

Cеул шаарында Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын дипломаттык мамилелеринин 26 жылдыгына карата маданий иш-чара өткөрүлдү.
25- августта Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын конференц-залында Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын дипломаттык мамилелеринин 26 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата маданий иш-чара өткөрүлдү.
Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаттары, Кыргыз-Корея достук группасынын мүчөлөрү, түрдүү корей компания жана уюмдарынын өкүлдөрү маданий иш-чаранын ардактуу коноктору болушту. Кечени Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси К.Султан куттуктоо сөзү менен баштап берди. Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси К.Султан куттуктоо сөзүндө корей жана кыргыз эли маданияты жана руху менен окшоштугун баса белгилеп, келечекте эки мамлекетет бардык тармактарда өз ара кызматташарына үмүттөш экенин айтып кетти.
Маарекеде сүрөттөр жана  кыргыз улуттук сувенирлер  көргөзмөсү уюштурулуп, ал эми парламенттин кире бериш жерине кыргыз бооз үю орнотулду. Кечеге келген коноктор түрдүү тамак-аш жана кыргыз улуттук суусундуктардын даамын татышты.
Корея жана Кыргыз Республикасынын өнөр коллективдери уюштурган концерт кечеге келген бардык коноктордун көнүлүн алды. Дизайнер Айпери Обозова аркылуу даярдалган кыргыз улуттук кийимдеринин көрүнүктүү подиуму кеченин бардык конокторун кайдыгер калтырбады

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK