"Дүйнөлүк инфраструктура жаатындагы кызматташтык конференциясы. Сеул шаары, Корея. 2018-ж."

8481

18-20 сентябрь күндөрү Сеул шаарында болуп өткөн “Дүйнөлүк инфраструктура жаатында кызматташтык”конференциясына Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин  көмөгүнүн астында инвестицияны жүргүзүү жана колдоо Агентствосунун Директору Адылбек уулу Шумкарбек  катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Корея Республикасынын жерди иштетүү, инфраструктура жана транспорт Министри Ким Хьюн-Ми, Кореянын Тышкы иштер министиринин орун басары Чо Хьюн мырза жана Кореяда подрядчиктер уюмдарынын эл аралык бирикмесинин төрагасы Ли Кун-Ки өз сөздөрүн сүйлөп, мамлекеттер аралык инфраструктура, бизнес жана финансы жаатында кызматташууга чакырды.
Инвестицияны жүргүзүү жана колдоо Агентствосунун Директору Адылбек уулу Шумкарбек Кыргыз Республикасындагы инвестицияга болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана инфраструктура жаатында проекттер жөнүндө презентация жасады.
Иш-чаранын
алкагында GS Engineering&Construction  Corporation, Hyundai Engineering&Construction Co.,Ltd., Korea District Heating Corporation, Yooshin Engineering Corporation жана Seoul International Business Inc. компаниялары менен жекече сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Мындан тышкары, эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен президенттин комитетинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары, Түндүк-экономикалык кызматташуу боюнча жетекчиси Ли Сын-вон,“Борбордук Азия+Корея” кызматташуу форум катчылыгынын аткаруучу директору Сонг Ин Ким, аткаруучу директору Сонг Инг Ким, Кореянын эл аралык подрядчиктер бирикмесинин төрагасы мырза Ли Kун Ки жана Корея Импорттоочулар бирикмесинин президенти (KOIMA) Мёнг Жин Шин менен жолугушту.
Иш-чаранын
жыйынтыгында, Кырыгыз Республикасынын Инвестицияны жүргүзүү жана колдоо Агентствосу жана Кореянын Импорттоочулар бирикмесинин менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду, ошондой эле Seoul International Business Inc.компаниясы менен кызматташуу келишимине кол коюлду.
Ошону
менен биргеликте, КОИМА Корея Импорттоочулар бирикмесинин башчысы Мёнг Жин Шин ушул жылдын декабрь айында Бишкек шаарына кыргыз продукцияларын Кореяга экспорттоо боюнча суйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн иш сапар менен барат. Ошол эле мезгилде, башка кыргыз ири компанияларынын жетекчилери менен жана КОИМА нын Кыргыз Республикасындагы мүчөсү болгон корей компанияларым менен биргеликте бизнес-форум өткөрүлөт.
2019-жылынын
март айында Кореядагы эл аралык подрядчиктер уюмдарынын бирикмесинин колдоосу менен Сеул шаарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана кыргыз, корей компаниялардын  катышуусу менен Инвестиция форуму өтөт.

“Дүйнөлүк инфраструктура жаатында кызматташуу конференциясы” Корея Республикасында 2013-жылдан тарта чет өлкөлүк катышуучулар, кореянын подрядчиктери жана инвесторлорунун ортосунда инфраструктура жана финансынын өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет. Бул жыйында чет өлкөлүк проекттерди тийиштүү корей партнерлорго тартуулап, жеке консультацияларды дагы өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жылы конференцияга 200дөн ашык компаниялар жана көптөгөн чет өлкөлүк делегациялар катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK