Түштүк Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Д.Кемелова Кореянын адам ресурстары башкармалыгы жана аэрокосмостук компаниясы (KAI) менен биргелешкен делегация долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү туралуу талкуулашты.

5480

17-июлда Түштүк Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Д.Кемелова  Кореянын  адам ресурстары башкармалыгы (HRD Korea) Генералдык директор Ким Сунг Жэ мырза жана Кореянын аэрокосмостук компаниясынын "KAI" вице-президенти Ли Бон Кеном мырза жетектеген өкүлдөрүнүн биргелешкен делегациясы менен жолугушту.

         Ушул жолугушууда HRD Korea менен Элчи Д.Кемелова коронавирустук пандемиядан улам токтоп калган, жумушчу кадрларды тандоону улантуу маселелери талкууланды. Ошол эле учурда Элчи Түштүк Кореяга  иштөөгө келген кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн квоталарды көбөйтүү өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле Элчи чакан жана орто бизнестин көптөгөн лидерлери Кыргызстан жана анын эмгек потенциалы жөнүндө билишпегендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Элчи тараптан (HRD Корея) Түштүк Кореянын ишкерлеринин арасында Кыргызстан жөнүндө кеңири презентацияларды өткөрүүгө жана Кореянын Аэрокосмостук компаниясына Кыргызстандын жарандарын өз заводуна жумушка алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө кореялык тарап “KAI” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Вице-президент белгилегендей, алар заманбап технологиялар менен жабдылган тик учактарды күндүн ар кайсы мезгилинде колдонууга мүмкүнчүлүк берет. KAI Кёнсан-Намдо провинциясына чет элдик жумушчуларды жалдоону кеңейтүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде, Д.Кемелова Кыргызстан мындай жабдууларды өзгөчө кырдаалдарда, санитардык авиацияда жана Кыргызстандын башка жерлерге жетүү кыйын жерлеринде колдонууга кызыкдар экендигин белгиледи жана биргелешкен долбоорлор түрүндө Кыргыз Республикасына инвестиция салууну сунуш кылды. Тараптар кызматташууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK