Пандемия учурунда Кыргызстан менен Түштүк Корея билим берүү тармагында динамикалык кызматташууну улантышууда

5527

2020-жылдын 23-июлунда, Бишкек жана Сеул шаарларында, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети жана Түштүк Кореянын Конкук Университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга онлайн режиминде кол коюу болуп өттү. Аталган Меморандумга Кыргыз тараптан ректор Джаманбаев М.Ж. ал эми Корея тараптан Университеттин Президенти Мин Санг Ги мырзалар кол койушту.

Эки университеттин ортосундагы онлайн режиминде Меморандумга кол койуу аземинин модератору Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова болду.

Меморандум студенттерди, адистерди жана окуу материалдарды алмашууну, биргелешкен долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана башкаларды камтыйт.

Онлайн режиминде кол койуу учурунда эки университеттин ректорлору өз окуу жайларын кыскача тааныштырышты жана ар кандай тармактарда, тактап айтканда, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, энергетика жана тамак-аш өнөр жайы жаатында кызматташууну макулдашышты, ошондой эле кол койулган Меморандумдун алкагында жигердүү кызматташууну улантуу керектиги жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле, жакынкы аралыкта И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Түштүк Кореянын Конкук университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койуу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK