Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчиси Omnisystem корпорациясынын Президенти менен жолугушуу өткөргөндү

5818

2020-жылдын 6-августунда Корея Республикасындагы Кыргызской Республикасынын элчиси Динара Кемелова Omnisystem корпорациясынын Президенти мырзайым Пак Хи-рин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи маектешине Кыргызстан жөнүндө жана КРдагы COVID-19дун кырдаалы тууралуу кыскача айтып өттү, Корпорация менен иштиктүү кызматташуунун мүмкүнчүлүк маселелерин талкуулашты.

Маалымдама: Omnisystem Корея Республикасында санариптик эсептегичтерди, косметикалык каражаттарды, биологиялык, ошондой эле  инновациялык медициналык препараттарды иштеп чыгуу боюнча продукцияларды жана жабдууларды өндүрүү боюнча бирден бир жетектөөчү корпорация болуп саналат. Атап айтканда,баштапкы этапта адамдын оорусун диагностирлөө, ДНКны аныктоо боюнча жабдууларды иштеп чыгуу менен алектенет.

COVID-19 пандемиясынын башталышы менен Omnisystem корпорациясына кирген AMSBIO компаниясы өзүнүн бөтөнчөлүгү менен айырмаланган ПЦР-тесттерди жана тиешелүү жабдууларды өндүрүүгө адистешти. Компаниянын маалыматы боюнча мазканын сынамынын натыйжасы 52 минуттун ичинде аныкталат.  Башка артыкчылыгы Компания тесттин натыйжасынын тактыгын 100%га аныктаарын атады. Андан тышкары AMSBIO компаниясы тесттердин натыйжасын, башталгыч этапта эле адам коронавирус менен ооруп калганын аныктайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK