Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Корея Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айылдарды өнүктүрүү Министри менен региондорду жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

5563

2020-жылдын 12-августунда, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айылдарды өнүктүрүү Министри Ким Хён Су мырза менен жолугушту.

Маектештер айыл чарба продукциялары жаатындагы сооданы көбөйтүү, адистер менен фермерлердин ортосунда тажрыйба алмашуу, айыл аймактарын өнүктүрүү, акылдуу дыйканчылык, күнөскана багытындагы долбоорлорду жылдыруу, жашылча уруктарын өстүрүү үчүн жаңы технологияларды өткөрүп берүү, ошондой эле айыл чарба лабораторияларын түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Түштүк Кореянын айыл чарба Министри Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён мырзанын 2019-жылдын июль айында Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин айыл чарба тармагында кызматташууну күчөтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Элчи Д.Кемелова, Кыргызстандын Европа жана Евразия базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске алып, Корея тарапка кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды. Элчиликтин кыргыз балынын Корея базарындагы брендин жогорулатуу боюнча жасаган ишин белгилеп, ал Түштүк Кореяга экологиялык таза продукциянын экспортун көбөйтүүгө жардам берүүнү сурады.

Тараптар Кыргызстанда Эл аралык айыл чарба программасынын борборунун (KOPIA) ачылышына оң баа беришти, ал айыл чарба жана аймактык өнүгүү жаатында кызматташууга көмөктөшөт.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ветеринардык жана фитосанитардык кызматтарынын ортосунда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK