Түштүк Корея Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам берүүнү улантууда

5548

 

Ли Ок Рён жетектеген Корея Республикасы - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн достугу” ассоциациянын жана башка Түштүк Кореянын компанияларынын (Bit Call Co Ltd, New Dream Olrae call Ltd) өкүлдөрү 2020-жылдын 14-августунда 5000 даана көп жолу колдонулуучу бет каптарды Кыргызстанга гуманитардык жардам катары өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындағы Элчилигинде болушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Корея тарапка Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө берип жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана ошондой эле азыркы учурда Кыргызстан муктаж болгон медициналык жабдыктардын тизмесин тапшырды. Элчи катышуучуларга беткаптар Кыргызстанга алгачкы мүмкүнчүлүктөр менен жеткириле тургандыгын маалымдады.

 

Маалымат катары: “Корея Республикасы - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн достугу” ассоциациясы коомдук уюм, анын президенти Ли Ок Рён, Түштүк Кореянын парламентинин мурдагы депутаты. Бул ассоциация ылайыктуу аянтча түзүп, Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жардам берет.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK