Кыргызстандын Кореядагы элчиси Д. Кемелова Корея Республикасынын Эл аралык кызматташуу жана биригүү комитетинин төрагасы Сон Ён-Гиль менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары

5152

2020-жылдын 24-августунда Элчи Динара Кемелова Корея Республикасынын Парламентине барып, Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Эл аралык кызматташуу жана биригүү комитетинин төрагасы Сонг Ён Гиль менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын талкуулашты, Элчи депутатты Демократиялык партиянын жетишкен жеңиши жана Комитеттин Төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады. Д.Кемелова Кыргызстанда ушул жылдын октябрь айына пландалган парламенттик шайлоо жөнүндө маалымдады.

Элчи Кыргызстандан Түштүк Кореяга экологиялык таза продукцияны импорттоого карата талаптарды жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Ошондой эле, коронавирус менен күрөшүү, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү, Кыргызстандан Түштүк Кореяга экологиялык таза продукцияны импорттоого карата талаптарды жөнөкөйлөтүү, Түштүк Кореянын Жаңы Түндүк саясатынын демилгесинин алкагында аймактарды, маалымат байланыш технологиясын, туризм, өнөр-жай жана транспортту өнүктүрүүдө кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK