Келе жаткан парламенттик шайлоо жөнүндө маалыматтык кабар
Урматтуу Кыргызстандын жарандары, Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча, төмөнкү шилтеме аркылуу өзүңүздөрдү шайлоочулар тизмесинен тактап алсаңыздар болот:
https://tizme.gov .kg /.
Эгер сиз Корея Республикасында жашасаңыз жана элчиликте добуш бергиңиз келсе, бирок өзүңүздү шайлоо комиссиясынын участкасынан таппасаңыз, анда элчиликтин 02-379-0951 номерине чалып, консул Акмарал Байчерикова менен байланышыңыз.
Эгерде сиз элчиликте добуш берүүнү кааласаңыз, анда 2020-жылдын 19-сентябрында саат 20: 00гө чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен) тиешелүү формада арыз тапшырууңуз керек.